Нооруз

Википедия дан
Нооруз

Паланганда, Иран Күрдистаны Ноорузга даярдык көрүп жаткан Күрд кызы
Түрү

эл аралык

Мааниси

жаңы күн,жаңы жыл

Себеби

жазгы күн-түн теңелүү күнү, жаз

Расмий аталышы

кырг. Нооруз

Ошондой эле

Пушту نوورځ — Naw wruz, күрт. Newroz, таж. Наурыз, өзб. ноурыз / Navroʻz, азе. Novruz, түркм. Наурыз, Nowruz, каз. Наурыз, уйг. Наурыз, тат. Нәүрүз, Näwrüz, түрк. Nevruz, кырым-тат. Navrez, башк. Навуруз, Калып:Lang-cv.

Белгилешет

 Азербайжан
 Албания
 Босния жана Герцеговина
 Грузия[1]
 Индия
 Иран
 Казакстан
 Кытай (ШУАР, ККАО ж.б аймактар)
 Кыргызстан
 Монголия
 Пакистан
 Өзбекстан
 Ооганстан


 Орусия (айрым аймактар)
 Тажикстан
 Түркмөнстан
 Түркия

Башталган кунү

20-март

Бүткөн күнү

22-март

Датасы

21-март, 2024-жыл

Майрамдоо

көргөзмөлөр жана ыр-кесе

Салты

сүмөлөк, арча менен аластоо (көбүнчө Борбор Азияда)

Окшош майрамдар

Жаңы жыл, Жыл ажыраш

Нооруз Уикиказынада


Нооруз (фарс. نوروز‎, ЭФА: [nouˈɾuːz] — "Жаңы күн") - Орто Азия элдеринин кеңири белгилене турган майрамы. "Нооруз" деген сөз байыркы фарс тилинин "науруз" деген сөзүнөн алынып, бизче "нау" – “жаңы”, "руз" – “күн” деген маанини билдирет. Совет бийлиги учурунда 62 жыл бою 21-Март – Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып, 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Бирок Кыргызстан бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алганда гана жетишкен.

Ал эски жыл эсеби боюнча 21-март күнү белгиленет. Мүчөл сүрүү эсеби мына ушул күнгө туура келет. Бул күнү күн менен түн теңелет.

Кыргызда эски жыл аяктап, эртен жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты "жыл ажыраш" деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп үй ичин, мал-салды:

Алас, алас,
Ар балээден калас,
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас - деп аласташкан.

Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган, арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен.

Ноорузда жаңы кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношкон.

Илгери нооруз күнү бир кош өгузгө соко кошуп, жер бетин алгач жолу тилишчү. Тапка келген жерге бороз салып бараткан дыйкандын артынан ээрчиген жоон топ кишилер этектериндеги үрөндүк буудайдан кочуштап чыгышып, элдик ырларды созолонтуп ырдашкан.

Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, жаз майрамы катары белгиленген.

2009 - жылы Нооруз UNESCO (ЮНЕСКО) тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Улуттук каада-салт, тамак-аш, кийим, буюм, оюндардын кыргызча-орусча сөздүгү. Түзгөн Касымалиев Б.Ж. Бишкек, 1993. 57-58 бб.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Саакашвили признал праздник Навруз государственным., Статья от 22.03.2010 г. на сайте сетевого издания «Сибирское Агентство Новостей»

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]